Кыргызстанда убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү киргизүү пландалууда


Кыргызстанда убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүктү жана транспорт башкарууга этап-этабы менен уруксат берүү системасын киргизүү сунушталууда. Мындай күбөлүк өлкө ичинде гана жарактуу болуп, Кыргызстандын жарандарына берилет.

Буга чейин Министрлер кабинети убактылуу күбөлүк автомектепте кеминде төрт ай окуп, экзамендерди ийгиликтүү тапшыргандарга алты айга берилерин билдирген. Бул убакытта үчтөн аз жол эрежесин бузган айдоочу туруктуу күбөлүк ала алат. Үч же андан көп эреже бузса, убактылуу күбөлүк жокко чыгарылып, автомектепте кайра окууга туура келет.