Президент Садыр Жапаров Кыргыз шахмат союзуна караштуу Улуттук шахмат академиясын түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Академия эл аралык деңгээлдеги шахматчыларды системалуу даярдоого, жаштардын интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө жана таланттуу спортчуларды колдоого багытталат.
Мамлекет шахматчылардын эл аралык мелдештерге катышуусун, окуу-машыгуу жыйындарын, кесиптик шаймандарды сатып алууну жана машыктыруучулардын квалификациясын жогорулатууну каржылайт. Буга чейин шахматтын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө Президенттин фондунан 100 млн сом бөлүнгөн.

