Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2026-жылдын 26-августундагы чечими менен тергөө тобунун жетекчисинин – Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратурасынын Тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсүнүн С.У.га карата мурда колдонулган бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндөгү өтүнүчү канааттандырылган. С.У.га карата мурда колдонулган камакка алуу бөгөт коюу чарасы аймактан чыкпоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенмеге өзгөртүлгөн. С.У. сот залынан камактан бошотулган.
Буга чейин социалдык тармактарда Бишкек шаары боюнча УКМКнын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековдун «40 чоро» деп аталган тобуна кирген адамдардын сүрөттөрү бар видео тараган. Алардын арасында «Лизун» каймана аты менен белгилүү болгон С.У. болгон.

