VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча мелдештин финалында Кыргызстан менен Казакстандын курама командалары беттешет.
Бүгүн көкпар боюнча мелдештин тайпалык баскычынын жыйынтыктоочу оюндары өттү.
Оюндун акыркы күнүндө Казакстандын командасы Венгрияны 9:4 эсеби менен жеңсе, Өзбекстан Монголияны 12:1 эсебинде утуп алды.
Ал эми Афганистандын командасы мелдешке катышуудан баш тарткандыктан, Кыргызстанга техникалык жеңиш ыйгарылды.
Жыйынтыгында кыргызстандык көкпарчылар тайпалык баскычта үч жеңишке жетишип, 9 упай топтоду.
Эми кыргызстандык спортчулар алтын медаль үчүн Казакстандын командасы менен күч сынашат.

