3-сентябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Эңилчек айылынын Ат-Жайлоо аймагындагы Англия менен Австралиянын эки жараны «Toyota Land Cruiser» үлгүсүндөгү унаасы менен өтө албай калышкан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ӨКМдин Тоо кырсыктарынан куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу Эңилчек дарыясынын нугунда калып калган туристтердин унаасын коопсуз аймакка чыгарууга жардам беришкен.

