Менин пикиримде, К.Туманбаевге карата эң калыс баа ушундай болушу мүмкүн. Бирок анын тарыхый орду азырынча аныктала элек. Каныбек Туманбаевдин жөн гана көп объект курган чиновник эмес, Кыргызстанда жаңы долбоордук мамлекеттик менеджменттин институционалдык мектебин түптөөгө салым кошкон мамлекеттик ишмер катары тарыхта калуу мүмкүнчүлүгү бар.

Быйыл 24-августта Бишкекте “Ырыс-Ордо” мамлекеттик конгресс-борборунун салтанаттуу ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Президент Садыр Жапаров өлкөнүн акыркы жылдардагы инфраструктуралык өзгөрүүлөрүнө токтолуп, Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин ишмердигине жакшы баа берди. Мурда да бир нече жолу С. Жапаров өзүнүн Иш башкаруучусу жөнүндө мактоо сөздөрүн айткан.
МУРДАГЫ “ЧАРБАЛЫК ОРГАНДАН” ЖАҢЫ МАМЛЕКЕТТИК ИНСТИТУТКА ЧЕЙИН
Президенттин Иш башкармасынын функциялары акыркы жылдары кыйла кеңейип, анын карамагына жана координациясына жаңы багыттар кошулууда. Мисалы, 2026-жылы Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги Иш башкармасына кошулуу жолу менен кайра уюштурулуп, анын функциялары, штаты, финансылык жана материалдык ресурстары, ведомстволук уюмдары өткөрүлүп берилди. Мындан тышкары, Иш башкармасына санариптик трансформация боюнча ведомстволор аралык жана тармактар аралык координациялык функция да жүктөлдү. Бул — кадимки административдик өзгөрүү эмес. Анткени санариптик трансформация — мамлекеттик башкаруунун дээрлик бардык тармагын камтыган стратегиялык багыт.
Түшүнгөн кишиге бул – К. Туманбаев жетектеген Иш башкармасы акырындап “Президенттин ишин камсыз кылуучу орган” деген тар түшүнүктөн “Президенттин стратегиялык чечимдерин материалдык, уюштуруучулук жана долбоордук натыйжага айландыруучу борбор” деген кыйла кеңири функцияга өттү дегенди билдирет. Ушул трансформация Каныбек Туманбаевдин мамлекеттик башкаруудагы ролун да өзгөртүп жатат.
К. ТУМАНБАЕВДИН КҮЧҮ ЭМНЕДЕ?
Каныбек Туманбаев классикалык мамлекеттик бюрократиянын ичинен өсүп чыккан администратор эмес. Анын эмгек жолунда электр тармагынан баштап бизнеске, курулушка жана менеджментке чейинки этаптар бар.
Ал көбүнчө теориялык чиновник катары эмес, долбоордук менеджер катары көбүрөөк таасир калтырат. Мындай адамдын ой жүгүртүүсү башкача болот. Чындыгында К.Туманбаев феномени — Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу философиясындагы өзгөрүүнүн белгиси. Мындай башкаруу маданияты Кыргызстан үчүн маанилүү. Анткени өлкөнүн мамлекеттик аппаратында көп жылдар бою чечим кабыл алуу менен аны ишке ашыруунун ортосунда чоң ажырым болуп келген. Кагаздагы чечим көп. Программа көп. Концепция көп. Жыйындар көп. Бирок курулган объект, ишке кирген система, натыйжалуу долбоор дайыма эле боло бербеген. К. Туманбаев мамлекеттик чечимди материалдык натыйжага айландырууга басым жасаган менеджер катары таанылды. К. Туманбаев феноменинин өзгөчөлүгү дал ушунда.
Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу акыркы жылдары “долбоордук мамлекет” логикасына көбүрөөк өтүп жатат. Башкача айтканда, мамлекет өзүнүн саясий багытын жолдорго; мектептерге; ооруканаларга; аэропортторго; стадиондорго; турак жай комплекстерине; маданий борборлорго; санариптик системаларга айландырып көрсөтүүгө аракет кылууда. Ал эми мындай долбоорлордун аткаруучулук механизминде К.Туманбаев башында турган Иш башкармасынын ролу өсүүдө.
Бирок күчтүү менеджердин көлөкөсү да болот. Ар бир күчтүү башкаруучунун феноменинде парадокс бар. Анын күчү эмнеде болсо, сындын себеби да көп учурда ошол жерде болот. К. Туманбаевдин күчү — Президенттин ишениминде. Бирок ошол эле учурда бул анын коомдук образындагы эң чоң тобокелдик. Анткени коомдо “Эмне үчүн ушунча көп функция, актив жана долбоор мамлекет башчысынын гана карамагындагы мамлекеттик органдын айланасына топтолуп жатат?” деген суроо пайда болууда.
Менимче, бул суроону дароо “Туманбаевге каршы өнөктүк” катары түшүнүп, четке кагуу туура эмес. Себеби бул жерде адамдын жеке сапатынан тышкары мамлекеттик институттун архитектурасы тууралуу маселе жатат.
ИШ БАШКАРМАСЫНЫН КЕҢЕЙИШИ: НАТЫЙЖАЛУУЛУКПУ ЖЕ БОРБОРЛОШУУБУ?
Бул суроого бир жактуу жооп берүү туура эмес. Бир жагынан, функцияларды бир борборго топтоо натыйжалуулукту жогорулатат. Мисалы: чечим тез кабыл алынат; жоопкерчилик такталат; ведомстволор аралык тоскоолдуктар азаят; Президенттин тапшырмалары тез аткарылат; долбоорлорду координациялоо жеңилдейт. Кыргызстандын мамлекеттик аппаратында дал ушул маселелер көптөн бери көйгөй болуп келген. Экинчи жагынан, өтө кеңейген борборлошуу башка министрликтердин ролун азайтышы; мамлекеттик институттардын ортосундагы тең салмакты бузушу; чечим кабыл алуунун ашыкча вертикалдашуусу сыяктуу терс жагдайларга алып келиши; коомдук көзөмөлдү татаалдаштырышы мүмкүн. Ошондуктан маселе “Иш башкармасы күчтүү болбошу керек” дегенде эмес. Тескерисинче, “Иш башкармасы канчалык күчтүү болгон сайын анын иши ошончолук ачык жана институционалдык жактан жоопкерчиликтүү болушу керек” дегенде.
Мамлекеттик башкарууда күчтүү менеджер керек. Бирок күчтүү менеджер менен күчтүү институтка байланыштуу бир жагдай бар. Бир адамдын жеке жөндөмүнө өтө катуу таянган система жетекчи алмашканда алсырап калышы мүмкүн. Ал эми күчтүү институт болсо, жетекчи алмашса дагы иш уланат. Бул айырма абдан маанилүү.
Каныбек Туманбаев тууралуу социалдык тармактардагы айрым негативдүү пикирлерди да ушул контекстте кароо керек. Арийне, алардын баарын туура сын деп кабыл алууга бобойт. Социалдык тармактарда саясий поляризация күчтүү. Президентти колдогондор да, сынчылар да мамлекеттик кызматкерлерге бааны көп учурда жеке өзүнүн саясий позициясына жараша берет.Бирок бардык негативдүү пикирди “фейк” деп четке кагуу да туура эмес. Анткени “Мамлекеттик ресурстар кантип башкарылууда?” деген суроого жооп алууга коомдун укугу бар.
Анын үстүнө бийлик масштабы кеңейген сайын коом андан өзүнө карата сынга чыдамдуулукту күтөт. Чыныгы мамлекеттик менеджердин күчү анын мактоого гана эмес, сынга да туруштук бере алышынан көрүнөт.
К. ТУМАНБАЕВ — САЯСАТЧЫБЫ ЖЕ МЕНЕДЖЕРБИ?
Менин баамымда, К.Туманбаевди классикалык саясатчы катары кароо туура эмес. Ал көбүрөөк операциялык мамлекеттик менеджер. Саясатчы коомдук коалиция түзөт. Менеджер команда түзөт. Саясатчы идея сунуштайт. Менеджер процессти уюштурат. Саясатчы легитимдүүлүккө муктаж. Менеджер натыйжага муктаж. К. Туманбаевдин мамлекеттеги бүгүнкү ролу ушул экинчи типке жакын. Анын күчү да ушунда.
Кыргызстанда көп жылдар бою “мамлекеттик аппарат иштебейт” деген нааразычылык болгон. Министрлик министрликти күтөт. Ведомство ведомствону күтөт. Комиссия комиссияны күтөт. Документ документти күтөт. Натыйжада убакыт өтөт. Мындай системада катуу талап койгон, мөөнөттү белгилеген жана конкреттүү натыйжа талап кылган менеджер чындап эле зарыл. К. Туманбаев ийгилигинин бир бөлүгүн ушул жагынан түшүндүрүүгө болот. Бирок кийинки кадам — ошол жеке менеджерлик энергияны институционалдык стандартка айландыруу.
ИШ БАШКАРМАСЫНЫН КЕЛЕЧЕГИ КАНДАЙ БОЛОТ?
Эгер Президенттин Иш башкармасы мындан ары да күчтүү мамлекеттик долбоордук борбор катары өнүгө турган болсо, анын ишинде кеминде беш принцип бекемделиши зарыл.
Биринчиси — ачык бюджет. Ар бир ири долбоор боюнча: баштапкы нарк; акыркы нарк; каржылоо булагы; подрядчы; мөөнөт; өзгөрүүлөр; эксплуатациялык чыгымдар мүмкүн болушунча коомчулукка жеткиликтүү болушу керек.
Экинчиси — көз карандысыз аудит. Мамлекеттик органдын өзүнүн “баары жакшы” деген отчету жетишсиз. Көз карандысыз баалоо керек.
Үчүнчүсү — натыйжанын өлчөмү. “Имарат курулду” дегенден кийин “Ал мамлекетке эмне берди?” деген суроого ачык жооп болушу керек.
Төртүнчүсү — институттук бөлүштүрүү. Иш башкармасынын күчөшү башка мамлекеттик органдарды алмаштырууга эмес, алардын ишин натыйжалуу координациялоого багытталууга тийиш.
Бешинчиси — персоналдык эмес система. К. Туманбаевдин жеке менеджерлик жөндөмү мамлекеттик стандартка айланышы керек. Мына ошондо анын бүгүнкү иши тарыхый мааниге ээ болот.
“ПРЕЗИДЕНТТИН ИШЕНИМДҮҮ АДАМЫ” ДЕГЕНДЕН “МАМЛЕКЕТТИК ИНСТИТУТТУН АРХИТЕКТОРУ” ДЕГЕНГЕ ЧЕЙИН
К. Туманбаевдин эң чоң артыкчылыгы да, эң чоң тобокелдиги да — Президенттин ишеними. Анткени президенттик ишеним ага чоң ресурстарды, мүмкүнчүлүктөрдү жана ыйгарым укуктарды берди. Бирок ошол эле учурда анын бардык иш-аракети Президенттин саясий системасы менен түздөн-түз байланыштуу. Президенттин рейтинги жогору болсо, К. Туманбаев да ошол позитивдүү толкундун ичинде болот. Президенттин ишмердиги сынга кабылса, анын командасындагы негизги аткаруучулардын бири катары К. Туманбаев да сындын объектисине айланат. Бул саясаттагы кадимки көрүнүш. Күчтүү аткаруучунун өзүн коргоонун эң мыкты жолу — маалыматтык чабуулдарга каршы эмоционалдуу жооп бербестен, ар дайым коомчулукка ачык болуу, мыйзамдуулук, анан – өлчөнө турган натыйжа.
Кандай болгон күндө да Каныбек Туманбаевди бүгүнкү күндө Кыргызстандагы эң таасирдүү практикалык мамлекеттик менеджерлердин бири деп айтууга негиз бар. Анын жетекчилиги алдында ишке ашкан ири долбоорлордун масштабы, Иш башкармасынын кеңейген функциялары, Президенттин ага көрсөткөн ачык ишеними жана анын түздөн-түз катышуусунда ишке ашып жаткан инфраструктуралык долбоорлор бул бааны бекемдейт. Иш башкармасынын расмий маалыматтарында да анын катышуусундагы объекттердин географиясы кеңейип жатканы көрүнөт.
Ошол эле учурда аны идеалдаштырууга да болбойт. Ал — идеалдуу эмес, бирок натыйжа көрсөтө алган; куру сөздөн көрө ишке жакын; классикалык бюрократтан көрө долбоордук менеджерге окшош; Президенттин ишенимине ээ болгон жана ошол ишенимди конкреттүү иштер менен бекемдөөгө аракет кылып жаткан мамлекеттик башкаруучулардын бири.
Менин пикиримде, К.Туманбаевге карата эң калыс баа ушундай болушу мүмкүн. Бирок анын тарыхый орду азырынча аныктала элек. Каныбек Туманбаевдин жөн гана көп объект курган чиновник эмес, Кыргызстанда жаңы долбоордук мамлекеттик менеджменттин институционалдык мектебин түптөөгө салым кошкон мамлекеттик ишмер катары тарыхта калуу мүмкүнчүлүгү бар.
Мелис Айдаркулов

