7-сентябрга карата аба ырайы


Бүгүн күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 27…32, Талас облусунда 25…30, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 29…34, Ысык-Көл чөлкөмүндө 20…25, Нарын өрөөнүндө 22…27 градусту көрсөтөт.
Абанын табы Бишкекте 28…30, Ош шаарында 32…34 градусту түзөт.