Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу Садыр Жапаров айрым кыргызстандыктарга наам берди


Өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу президент Садыр Жапаров айрым кыргызстандыктарга наам берди.
«Ынтымак ордо» тараткан маалыматта Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры артыкчылык даражасы Рысбай Абдыкадыровго, Муратбек Бегалиевге, Бектур Исаковго, Сүйүнбек Касмамбетовго жана Дүйшө Кудаяровго ыйгарылганы айтылат.
III даражадагы Манас ордени менен Муса Бажаев, Медетбек Букуев, Сейтхан Жошибаев, Телектеш Ишемкулов, Кемелбек Кыязов, Камчыбек Узакбаев жана Алмамбет Шыкмамтов сыйланды.
Ал эми Максатбек Бусурманкулов менен Аскарбек Касыбековго Эрдик ордени берилген. Мындан тышкары, Даңк ордени алты кишиге ыйгарылса, Достук орденин Ахмаджон Мелибоев тагынды. Акматали Алимбековго КР эл мугалими наамы ыйгарылса, Чынара Ажибеделова менен Мамытбек Акылбеков КР эл врачы болушту.
Уланмырза Карыпбаев, Боромбай Кулахматов, Темирлан Сманбеков, Болот Тентимишов жана Самидахан Халматова КР эл артисти наамына ээ болушту. Жеңишгүл Өзүбековага КР эл жазуучусу, Атантай Акбаровго КР эл акыны, Сатар Айтиевге КР эл сүрөтчүсү наамы ыйгарылды.
Таштанбек Акматов менен Асел Сартбаева Кыргыз Республикасынын жаратманы ардам наамы менен сыйланса, Кыргыз Республикасынын сыймыгы ардак наамы Анатай Өмүрканов менен Саламат Садыковага берилди.
Мындан тышкары, ар тармакта эмгеги сиңген 28 кишиге Ардак медалы ыйгарылды.