Садыр Жапаров: Тынч жаткан элдин башын айланткандарды чекесинен сылабайбыз!


Жалган маалымат таратып, тынч жаткан элдин башын айланткандарды чекесинен сылабайбыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин трибунасынан жалпыга кайрылып жатып билдирди.
Эскерте кетсек, VII чакырылыштагы парламент ишин баштады. Өлкө башчысы жаңы дайындалган министрлердин ант берүү аземине катышып, андан кийин кайрылуу жасады.
Жапаров пикир келишпестикти кастыкка, талкууну тирешүүгө, ар түрдүү маселени коомду бөлүп-жаруучу куралга айлантууга эч кимдин укугу жок экенин белгиледи.
«Айрыкча, коомдук таасири бар, мамлекеттик жана саясий ишмерлер, айрым депутаттар, эксперттер, журналисттер жана блогерлер ар бир айтылган сөздүн артында коом алдындагы жоопкерчилик турарын унутпашы керек», — деди президент.
Өлкө башчысы ошондой эле элди интернетте жалган пикир жазгандарды ээрчип кетпөөгө чакырды. Мындан тышкары, президент коррупцияга аралашкандар аеосуз жазаланарын дагы бир ирет эскертти.