Бишкектин түштүгүндөгү «Асанбай» сейил багында заманбап «Асман парк» үй-бүлөлүк оюн-зоок борбору ачылды. Анын аймагында бийиктиги 92 метр болгон «Бишкек жылдызы» күн дөңгөлөгү орнотулуп, ишке киргизилди.



Аталган жай «Асанбай» паркын реконструкциялоонун негизинде түзүлдү. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында бул жерде аймакты комплекстүү реконструкциялоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.
Ачылыш аземге калаа башчысы Айбек Жунушалиев катышты.«Бүгүн борбор калаабызда дагы бир сонун жай — «Асман парк» ачылып жатат. Көп жылдар бою кароосуз калган аймак бүгүн заманбап, коопсуз жана эс алууга ыңгайлуу жайга айланууда», — деп белгиледи Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев.
«Асман паркта» заманбап эс алуу жана көңүл ачуу жайлары, сейилдөөчү аллеялар жана балдар үчүн аянтчалар бар. Ошондой эле парктын аймагына 1000ден ашык бак-дарак жана декоративдүү өсүмдүктөр отургузулган.
Эске салсак, эки жыл мурда Бишкек мэриясы «Асанбай» сейил багынын аймагында заманбап оюн-зоок паркын куруу пландалып жатканын билдирген. Долбоордо жаңы аттракциондор, 90 метр бийиктиктеги күн дөңгөлөгү, балдар үчүн акватория куруу жана зоопаркты модернизациялоо каралган.

