Мурдагы «Асанбай» паркынын аймагында «Асман Парк» үй-бүлөлүк көңүл ачуу борбору ачылды. Мэриянын маалыматына караганда, долбоорго 1 млрд сомдон ашык инвестиция салынып, аймак реконструкцияланып, көрктөндүрүлүп, миңден ашык жаш дарак жана декоративдүү өсүмдүк отургузулган.
Парктын негизги объектиси — бийиктиги 92 метр болгон «Бишкек жылдызы» аттракциону. Мэрия аны Борбор Азиядагы эң бийик айланма дөңгөлөк деп атады. Ачылыш концертинде Бек Борбиев, Айдана Дека, Аваз Акимов, Мирбек Атабеков, Jax, Мия Бойко жана Kairos тобу катышты.

