Бүгүн республиканын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология кызматы билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +25…+30, Жалал-Абад, Ош, облустарында +28…+33, Баткен аймагында +27…+32, Талас чөлкөмүндө +24…+29, Ысык-Көл регионунда +22…+27, Нарын өрөөнүндө +23…+28 градус болот.
Термометр Бишкекте +28…+30, Ошто +30…+32, ал эми Чолпон-Атада +22…+24 градусту көрсөтөт.

