Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөө күнүндө өлкөнүн жаңы тарыхындагы маанилүү окуялардын бири болду — эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 20 жана 50 сом номиналындагы банкноттор өлкөнүн аймагында басылып чыкты.
«30 жылдан ашуун убакыт бою улуттук валюта өлкөбүздүн чегинен тышкары басып чыгарылып келген. Бүгүн мына ушул стратегиялык процессти өз алдынча камсыздоого маанилүү кадам таштадык.
Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы акыркы мезгилдерде улуттук валютаны өзүбүздө чыгарууну камсыз кылуу жагында иштерди ырааттуу жана план чегинде ишке ашырып келди. Мына бүгүн ушул иштин алгачкы маанилүү жыйынтыгын сыймыктануу менен белгилесек болот: эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өлкөбүздүн аймагында 20 жана 50 сом номиналында банкноттор басып чыгарылды.
Мындай тарыхый окуя көз карандысыздыгыбыздын 35 жылдыгына туура келүү менен өзгөчө алгылыктуу маанай тартуулоодо. Бул Кыргыз Республикасынын экономикалык өз алдынчалыгын жана мамлекеттик көз карандысыздыгын бекемдөө жолунда дагы бир маанилүү кадам болуп саналат», — деп жазылат маалыматта.

