Баткенде курман болгон жоокерлерге арналган эстелик ачылды


Чек ара окуяларында курман болгон мекен коргоочулардын жаркын элесине арналып Кадамжай районунун А.Масалиев айыл өкмөтүнүн алдында БТР-70 аскердик техникасы орнотулган постаменттин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага облус жетекчиси Мамыржан Рахимов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекен коргоочулардын жакындары, ардагерлер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Аземдин катышуучулары курман болгон жоокерлердин жаркын элесине таазим кылып, эстеликке гүлчамбарларды коюшту.