Садыр Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат


Президент Садыр Жапаров Корея Республикасынын президенти Ли Чжэ Мёнун чакыруусу менен 15-сентябрдан 18-сентябрга чейин Корея Республикасына расмий сапар менен барат.

Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров жыйынтыгы боюнча Сеул декларациясын кабыл алуу мерчемделген “Борбордук Азия — Корея” биринчи саммитине катышат.

Мамлекет башчысы ошондой эле Кореянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү. Сапардын жыйынтыгында экономикалык, инвестициялык, бажы жана башка тармактарда эки тараптуу документтер топтомун кабыл алуу пландалууда.