Быйыл Кыргызстанда 147 миң бала 1-класска барды


Бүгүн Кыргызстан боюнча 147 миң бала мектеп босогосун биринчи жолу аттаганын Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы окуу жылында өлкө мектептеринде жалпы 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат.
Быйыл 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн экинчи этабы башталды. Анын алкагында 1, 2, 3, 5, 7 жана 8-класстын окуучулары жаңы билим берүү системасына өтүштү. Ал эми 4, 9, 10 жана 11-класстын окуучулары 11 жылдык система боюнча окуусун улантат.
Учурда өлкөдө жалпы 2 374 мектеп иштейт. Алардын 2132си — мамлекеттик, 242си — менчик мектеп. Билим берүү тармагында 97 миңге жакын мугалим эмгектенет.
Мындан тышкары, 94 кесиптик лицей иш алып барууда.
Министрликтин маалыматына караганда, жыл аягына чейин өлкөдө жаңыланган жана жаңыдан курулган 49 мектеп жана 7 бала бакча пайдаланууга берилет.