Бүгүн Кыргызстан боюнча 147 миң бала мектеп босогосун биринчи жолу аттады


Агартуу министрлиги мектептер боюнча төмөнкүдөй маалымат берди:

Быйыл мектептерде жалпысынан 1,5 млн окуучу окуйт

12 жылдык билим берүүгө этап-этабы менен өтүүнүн экинчи баскычында 1, 2, 3, 5, 7 жана 8-класстар жаңы билим берүү системасына өттү. Ал эми 4, 9, 10 жана 11-класстардын окуучулары 11 жылдык система боюнча окуусун улантышат

Өлкө боюнча 2374 мектеп (анын 2132си мамлекеттик, 242си менчик), 97 миңге жакын мугалим иштейт. Ошондой эле өлкөдө 94 кесиптик лицей иш алып барат

Жыл аягына чейин жаңы курулган 49 мектеп жана 7 бала бакча ишке кирет