Ошто жер титиреди


Бүгүн, 15-сентябрда саат 07:55те Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Шоро-Башат айылынан 10 чакырым түштүк-батышта, Шералы айылынан 8 чакырым түндүк-батышта, Манас шаарынан 21 чакырым түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 45 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан. Шоро-Башат айылында силкинүүнүн күчү 2,5 баллга жакын болду.