Бүгүн, 16-сентябрда, Жогорку Кеңеште Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нефрологу Насира Бейшебаеванын камалышына байланыштуу маселе көтөрүлүп, дарыгерлердин кесиптик ишмердүүлүгү боюнча жаралган талаштарды мыйзамдуу жана адилеттүү чечүү механизмин киргизүү сунушу айтылды.
Эл өкүлү Илим Кубанычбеков дарыгерди үч жылга эркинен ажыраткан окуя жалпы медицина кызматкерлерине сокку болгонун белгиледи.
Ушул эле маселени парламенттин жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева дагы көтөрүп, ишти адилет териштирүүгө чакырды.
Эске салсак, Бишкек шаардык соту 10-сентябрда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгери, «кесиптик милдетин талаптагыдай эмес аткарган» деген айып тагылган Насира Бейшебаеванын бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан камакка алуу чечимин чыгарган.

