16-сентябрда 28 жаштагы кыргызстандык мушкер Акбар Абдуллаев бразилиялык Эднилсон Сантосту биринчи раундда 19 секундда нокаут менен жеңген.
Ал эми UFC президенти Дана Уайт кыргызстандык мушкерди 10 жылдагы тарыхындагы эң чоң талант деп атады.
«Сага эмне деп айтарымды да билбей жатам. Ал муштум бейсбол таякчасындай угулду. Мен сени 10 жылдан бери ушул шоуда пайда болгон эң чоң талант деп атай алам. Сенин кайрадан мушташыңды көрүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатам. UFCге кош келиңиз!», — деген ал.

