Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова президент Садыр Жапаровго таазим эткенине байланыштуу социалдык медиадагы талкууга комментарий берди.
«Бул Өмүр — бизге кубанып, эркелеп, керек болсо учуру келгенде жашоого жарык чачып, барыңа шүгүр айтуу үчүн берилген! Мен Мамлекет башчысына ийилгеним — Бактыма, дөөлөттүү-берекелүү, ары кайраттуу, артта калган сабырыма, элибиз менен бирге баштан кечирген күндөрүмө, турмуштан алган санатыбызга, молчулуктан даам сыздырган Улуу Жаратканга ийилгеним!!! Бар болгула акыйкат манен мээримге, калыстык менен кең пейилдуулуккө нурун чачкан асыл жандар!», — деп жазды ал.
14-сентябрда мамлекет башчысы бир нече кыргызстандыктарга өзгөчө кызматы, өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы жана кесиптик жетишкендиктери үчүн сыйлык тапшырган. Саламат Садыковага «Кыргыз Республикасынын сыймыгы» деген ардактуу наам ыйгарылды.
Ал сыйлык алып жатканда президентке таазим кылганы соцтармакта талкуу жаратып, түрдүү пикирлер айтылган.

