“Учкун” ачык акционердик коому мектептерде китептердин жетишсиздиги жана айрым китептердин базарларда сатылып жатышы боюнча түшүндүрмө берди.
“Учкундун” аппарат жетекчиси Бек Иманалиевдин айтымында, басмакана ушул тапта 11 жылдык жана 12 жылдык билим берүү системасы үчүн китептерди басып чыгарып жатат жана Агартуу министрлиги буюртма берүүчү болуп эсептелет.
“Китептердин автору катары мамлекеттин атынан Агартуу министрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйү болуп эсептелет. Кыргызстанда мамлекеттик билим берүү мекемелеринен тышкары Бишкек, Ош сыяктуу чоң шаарларда менчик мектептер бар. Биз министрлик менен алдын ала макулдашуунун негизинде жеке мектептерге да буюртма менен китеп басып беребиз. Китеп биздин автордук укук менен гана чыгат. Менчик мектептер окуучуларынын саны, мүмкүнчүлүгүнө жараша китеп алышат. Азыр “китептер айрым базарларда сатылып жатат” деп атабыз. Биз (ред: “Учкун”) буюртманы гана аткарып жатабыз. Андан ары көзөмөл кылбайбыз. Акты менен өткөрүп бергенден кийин андан ары кандай иштетилет биз жооп бербейбиз”, — деди ал.

