Бул туурасында РИА Новости жазды.
Ал эми жуктургандардын саны 7404 кишиге чукулдаган.
«Акыркы суткада оору дагы 59 адамдан аныкталып, 32 бейтап көз жумду. Ошентип, илдет жайылгандан бери вируска чалдыккандардын жалпы саны 7404кө, ал эми андан каза болгондор 3577ге жетти», — деп айтылган маалыматта.
Сентябрдын башында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жетекчиси Тедрос Гебрейесус Конгодогу Эбола тарыхтагы эң тез жайылган оору болуп жатканын айткан. Ошондой эле ал вирустун дарыгерлерге али белгисиз болгон жугуу жолдору бар экенин эскерткен.

