Өлкө башчы Юта штатына конуп, аны ошол штаттын сенатынын президенти Стюарт Адамс тосуп алды.
Жапаров сапардын алкагында штаттын жетекчилиги менен жолугуп, туризм жана тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатындагы америкалык тараптын тажрыйбасы менен таанышары айтылды.
Андан соң Жапаров Нью-Йоркко барып, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын Жалпы дебаттарынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышат. Мындан тышкары, мамлекет башчылары жана АКШнын ири компанияларынын жетекчилери менен жолугушат.

