Рахат Берикбаевди бийликтен ким коргойт? Коомчулук кызыктырган суроолор жоопсуз калууда


Кыргызстанда Рахат Берикбаевдин айланасында ар кандай маалыматтар тарай баштады. Айрым жарандардын билдирүүлөрүндө анын аты ар кандай талаштуу жагдайларга байланыштуу аталып, карыздары жана мыйзам бузууга байланыштуу дооматтар бар. Тилекке каршы бул кабарлардын баары тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан расмий тастыкталганы менен ачыкка чыкпай келет.

Анткени, Берикбаев бийликтеги таасирдүү адамдар менен байланышын айтып, ошол мамилелерин жеке кызыкчылыгын көздөп пайдаланат деген маалыматтар коомчулукта айтылып келет.

Мындай жагдайда коомчулукту кызыктырган негизги суроо, эгерде жаранга карата чындап эле кылмыш иштери же башка мыйзамдык дооматтар болсо, алардын укуктук макамына юридикалык баа берилиши абзел. Ал арада чын эле бийликтеги таасирдүү адамдар менен жакынбы же калып кеткен “каралар дүйнөсү” менен байланышы үзүлө элекпи деген бүдөмүк суроолор жаралбаш керек.

Демек, ИИМ менен УКМК сыяктуу укук коргоо органдары үчүн коомчулуктун арызын күтүп олтурабай мындайлардын артынан сая түшүп, мыйзам алкагында ак-карасын аныктаган дүрбүсүн салып койсо болчудай.

Эгер мыйзам бузуу фактысы бар болсо иликтенип, тиешелүү чара көрүп, расмий түшүндүрмө берилиши зарыл. Анткени коомчулукка алдамчылыкка шектелген Берикбаевдин кимдерди алдап, бийликтеги кайсы таасирдүү адамга же калып кеткен “каралардын калдыктарына” таянып жатканы кызык. Себеби Берикбаевдин мындай тентек жоруктары акыры ачыкталыш зарыл.

Же, ыңгайы келсе эле бийликтегилердин атын сатып, аргымакты камчылап көрүнгөндү сыздатып, алдап акчасын ала берсе болобу?

Эске сала кетсек, Рахат Берикбаев бир катар коммерциялык компаниялардын жетекчиси, уюштуруучусу жана айрым коммерциялык түзүмдөрдүн уюштуруучуларынын катарында да анын аты аталууда.

Булак:  «nazarnews.org