Агартуу министрлиги өлкөдөгү мектептерге 1 миллиондон ашык окуу китебин жеткирет


Бул тууралуу минкаб башчысы катышкан жыйында айтылды.

2026-жылы окуу материалдарын басып чыгарууга бюджеттен 744 млн сом бөлүнүп, ага кошумча 16,2 млн сом каралган. Жалпысынан 3 млн 668 миң нуска китеп чыгаруу пландалган. Министрликтин маалыматына караганда, анын 2 млн 456 миң нускасы мектептерге жеткирилди, калганы таратылууда.

Салыштыруу үчүн: 2025-жылы окуу китептерине 855 млн сом жумшалып, дээрлик 4 млн 736 миң нуска китеп басылып чыккан.