Бүгүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди.
Жалпысынан алганда абанын температурасы Чүйдө +27…+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28…+33, Таласта +24…+29, Ысык-Көл регионунда +22…+27, Нарын аймагында +21…+26 градуска жетет.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +28…+30, Ош шаарында +30…+32, ал эми Чолпон-Атада +22…+24 градусту көрсөтөт.

