Азия оюндарында Ырыскелди Дүйшеев коло байге утту

Screenshot

Японияда өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында ММА боюнча Ырыскелди Дүйшеев коло медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 21-сентябрда жарым финалдык беттеште Тажикстандын өкүлү Бехруз Хуршедшоданы жеңип, бирок беттеш аяктагандан кийин Тажикстан тарап апелляция берген.

Кайра түзүлгөн комиссиянын чечимине ылайык, жеңиш тажикстандык спортчуга ыйгарылып, Кыргызстандын өкүлү үчүнчү орунду ээледи.