«Бишкек Аренанын» ачылышына карата 10 миң акысыз билет сатылды


«Бишкек Арена» стадионунун расмий ачылыш аземине билеттерди сатуунун биринчи этабында 10 миң билет сатыкка чыгарылган. Алардын бардыгы бир күндүн ичинде сатылып кетти. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, билеттер сатыла баштаган учурда ticket.gov.kg сайтына бир убакта болжол менен 100 миң колдонуучу кирүүгө аракет кылган. Колдонуучулардын көптүгүнөн улам сайт айрымдарына убактылуу жеткиликсиз болуп калган.

«Билеттерди сатуу этап-этабы менен улантылат. Жакынкы убакта билеттердин кийинки партиясы сатыкка чыгарылат. Сатуунун кийинки этабынын башталышы тууралуу маалымат кошумча жарыяланат», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, стадиондун расмий ачылышы 5-октябрда өтөт.