Кыргызстан Кытай менен мунай иштетүүчү завод курууну сүйлөшүп жатат


Кыргызстанда мунай иштетүүчү завод куруу жана мунай продуктуларын жеткирүү боюнча Кытайдын ири мунай-газ компаниялары менен бир катар долбоорлор талкууланды. Маселелер министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбековдун Пекинге болгон иш сапарынын алкагында каралганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Акунбеков Улуттук мунай-газ корпорациясынын (CNPC) директорлор кеңешинин төрагасы Дай Хоулян, ошондой эле Мунай жана химиялык корпорациянын (Sinopec) директорлор кеңешинин төрагасы Хоу Цицзюн менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Тараптар Кыргызстанда мунай иштетүүчү завод куруу, кен издөө жана өздөштүрүү, ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда мунай түтүгүн (нефтепродуктопровод) куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууну талкуулашкан.
Мындан тышкары, логистикалык чыгымдарды азайтуу үчүн «Эркеч-Там» жана «Торугарт» өткөрмө пунктуларына жакын жерде мунай сактоочу жайларды куруу мүмкүнчүлүгү каралып жатканы кошумчаланды.