Бүгүн, 24-сентябрда Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча 200 метр аралыкта күмүш медаль жеңди.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдиргендей, спортсмен алгачкы жарышта 2:11.13 убакытта сүзүп келип, биринчи орунду камсыздаган.
Финалдык жарышта Денис Петрашов 200 метр аралыкты 2:08.67 убакытта сүзүп өттү.
Жыйынтыгында спортсмен экинчи орунду ээлеп, Азия оюндарынын күмүш медалына ээ болду.

