Эки жаштагы баланы Оштон алып келишкен. Тыйын жутуп алгандан кийин бөбөк жарым жылга жакын жүрө берген. Алгач кусуп, башы ооруп, тамактанбай баштаган. Кийин жөтөл кошулган.
Педиатрга жана аллергологго бир нече жолу кайрылып, амбулатордук дарылануудан өткөн. Андан майнап чыкпай, облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына кайрылышкан. Баланы рентгенге тартканда гана кызыл өңгөчүнө тыйын тыгылып калганын көрүшкөн.
Бишкектик дарыгерлер баланы толук текшерип, операция жасашты. Ал ийгиликтүү өтүп, баланын ичинен 10 рублдик тыйынды алып чыгышкан.
Учурда бөбөктүн абалы туруктуу экени айтылды.

