Казакстанда аскердик машыгуу учурунда тогуз аскер кызматкери каза болгону кабарланды. Трагедия 24-сентябрда Каспий деңизиндеги «Хазар қорғаны-2026» деп аталган Аскер-деңиз күчтөрүнүн ири машыгуусу учурунда Мангистау облусунда (Актау гарнизону) орун алды.
Маалыматка караганда, Каспий деңизинин жээгинде окуу-аскердик тапшырманы аткарып жатканда аба ырайы кескин начарлап, катуу шамал болгондо аскер кызматкерлери деңизге агып кеткен.
Толкун алып кеткендердин жалпы саны 19 аскер экени, алардын тогузу каза болгону ырасталганы маалымдалууда. Үч аскер куткарылып, алардын бири ооруканага жаткырылды. Калгандарын издөө иштери уланууда.

