Президент Касым-Жомарт Токаев мындай чечимди Мангистау облусундагы машыгууда аскерлердин каза болушуна байланыштуу кабыл алды.
Кечээ Каспий деңизинде аскердик машыгуу учурунда казакстандык 17 аскер кызматкери чөгүп кеткен. Алардын 12си каза болуп, үчөө куткарылган. Дагы экөөнү издөө уланууда. Токаев кырсыктын жагдайларын тактап, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүүнү тапшырды.

