Ош шаарынын күнүнө жана КР баатыры, залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, тандоо туру 1-октябрда саат 10:00дө Кыргыз улуттук «Манас» театрында өтөт. Түштүк аймагындагы акындар үчүн тандоо туру 3-октябрда Ош шаарында уюштурулат.
Тандоонун жыйынтыгында эң жогорку упай алган 12 акын финалга жолдомо алат. Финалдык айтыш 3-октябрда саат 17:00дө Бабур атындагы Ош мамлекеттик музыкалык драма театрында өтөт.
Акындардын чеберчилиги, сөз байлыгы, теманы ачып берүү жөндөмү, үнү, комуз чертүү деңгээли жана сахна маданияты бааланат. Жалпы байге фонду 1 млн сомду түзөт.

