Каспий деңизинде дайынсыз болгон эки жоокердин сөөгү табылды


Казакстандын Каспий деңизинде дайынсыз болуп жаткан эки аскер кызматкеринин сөөгү табылып, издөө-куткаруу иштери аяктады. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 09:15те сержант Мансур Гумаров менен деңиз аскери Мирас Турдыбекулынын сөөгү табылган.
Каргаша окуу-аскердик тапшырманы аткаруу учурунда аба ырайынын күтүүсүз жана кескин начарлашынан улам болгон. Натыйжада катуу агым 17 аскерди деңизге агызып кеткен.
Алардын үчөө куткарылып, 14ү каза болгон. Казакстандын Коргоо министрлиги маркумдардын жакындарына көңүл айтып, алардын үй-бүлөлөрүнө материалдык жана психологиялык жардам көрсөтүлөрүн билдирди.
Белгилей кетсек, Казакстанда бүгүн улуттук аза күтүү күнү жарыяланды.