Садыр Жапаров президенттик шайлоодо админресурсту колдонгондорду жазалоону тапшырды


Өлкө башчы кол койгон жарлыкка ылайык, мугалимдерди, студенттерди, дарыгерлерди жана мамлекеттик органдардын кызматкерлерин үгүт иштерине тартууга тыюу салынат.

Министрлер кабинетине мыйзамсыз үгүт иштерине катышкан же кызматтык абалын талапкердин пайдасына пайдаланган адамдарды жоопкерчиликке тартуу, зарыл болгон учурда кызматтан бошотуу тапшырылды.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.