Кыргызстанда биринчи жолу Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү белгиленди


 

Бүгүн, 25-сентябрда, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин имаратында Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүнө арналган конференция өттү. Аталган күн Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-февралындагы №40 Жарлыгы менен бекитилген. Иш-чаранын максаты — органикалык айыл чарбанын жетишкендиктерин талкуулоо, потенциалын көрсөтүү жана 2026–2027-жылдарга өнүктүрүү багыттарын аныктоо.

Конференцияга мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, фермерлердин, өндүрүүчүлөрдүн жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрү катышты. МинКаб Төрагасынын орун басары – министр Э. Акунбеков органикалык айыл чарба өлкөнүн агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири экенин белгилеп, Кыргызстандын органикалык өндүрүштү өнүктүрүү үчүн чоң потенциалы бар экенин айтты.

Айта кетсек, 2026-жылдын август айына карата республикада 37 органикалык аймак, 11 кооператив жана PGS сертификатына ээ болгон 208 пилоттук органикалык чарба иш алып барууда. Органикалык өндүрүшкө тартылган жалпы аянт 101 миң гектардан ашты. Учурда мыйзамдык базаны өркүндөтүү, сертификация системасын өнүктүрүү, өндүрүүчүлөрдү колдоо жана фермерлердин билим деңгээлин жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Иш-чаранын алкагында ата мекендик органикалык продукциялардын көргөзмөсү уюштурулуп, заманбап ресурстарды үнөмдөөчү технологиялар жана өсүмдүктөрдү биологиялык коргоо каражаттары тааныштырылды. Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Монголиянын өкүлдөрү менен тажрыйба алмашуу жүргүзүлдү. Конференциянын жыйынтыгында органикалык секторду туруктуу өнүктүрүүгө багытталган резолюция кабыл алынды.