Бишкекте базарда ок аткан делген жаран кармалды


Бишкек шаарындагы «Чекиш-Ата» базарынын аймагында ок чыгарууга шектелген жаран кармалды.

Маалыматка караганда, 25-сентябрда базардын аймагында 32 жаштагы эркек киши ок жаракаты менен ооруканага жеткирилгени тууралуу кабар түшкөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») менен кылмыш иши козголду.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө окуяга тиешеси бар деген шек менен 2002-жылы туулган С.Д. аттуу жаран аныкталып, кармалды.

Баштапкы маалымат боюнча, шектүү быйыл июнь айында белгисиз үлгүдөгү мылтык сатып алганын жана 25-сентябрда «Чекиш-Ата» базарынын аймагындагы соода түйүнүнүн терезеси аркылуу эки жолу ок чыгарганын билдирген.