Искусство университетинин жаңы беш кабаттуу корпусу колдонууга берилди


Бүгүн президент Садыр Жапаров Бишкек шаарында жайгашкан Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин заманбап жаңы окуу имаратынын ачылыш салтанатына катышты.

Окуу жайдын имарат жетишсиздигин чечүү жана материалдык-техникалык базасын бекемдөө максатында былтыр Президенттик фонддон 990 миллион сом бөлүнүп, курулуш иштери башталган болчу. Жалпы аянты 8 615 чарчы метрди түзгөн жаңы беш кабаттуу имарат студенттердин билим алуусуна жана чыгармачылык дараметин жогорулатууга зарыл болгон бардык заманбап шарттар менен камсыздалган.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө маданият улуттун жүзү, ал эми өнөр элдин тарыхы менен руханий дүйнөсүн муундан муунга жеткирүүчү улуу күч экенин белгилеп, улуттук мурастарды сактоо жана аны дүйнөгө таанытуу ар бир жарандын милдети экенин айтты. Ошондой эле Садыр Жапаров окуу жайдын эң башкы байлыгы заманбап имараттар гана эмес, студенттердин талантын ачкан тажрыйбалуу мугалимдер менен окутуучулар экенин баса белгиледи. Ал бул окуу жайды бүтүрүп чыккан СССРдин эл артисттери Калый Молдобасанов, Самара Токтакунова жана Чолпонбек Базарбаев сыяктуу залкарларды сыймыктануу менен эске салып, келечекте да жаңы жылдыздар чыгарына ишеним билдирди.

Бүгүнкү күндө улуттук өнөрдү, тарыхты жана тилди терең билүү менен бирге, аны заманбап технологиялар жана дүйнөлүк чыгармачылык менен айкалыштыруу зарылдыгы айтылды. Университетке «улуттук» макамы берилгенден кийин билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, илимий-изилдөө иштерин күчөтүү, аспирантура жана магистратура багыттары аркылуу маданий мурастарды эл аралык деңгээлде жайылтуу башкы милдет экени эскертилди.

Маалымат катары айта кетсек, бул окуу жай 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик искусство институту катары түптөлүп, 1974-жылы ага балет өнөрүнүн залкары Бүбүсара Бейшеналиеванын ысымы ыйгарылган. Ал эми 2013-жылы университет болуп кайра түзүлгөн. Президент сөзүнүн соңунда жаңы имараттын куттуу болушун каалап, окуу жайдын эмгек жамаатына жана студенттерине чыгармачылык ийгиликтерди каалады.