Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин кызматтык автоунаасына 65 миңге жакын айып пул жазылганы тууралуу маалыматтар социалдык тармактарга жарыяланды. Tolom.kg мамлекеттик порталынын көчүрмөсү тартылган сүрөттөрдөн мэрдин машинеси 56 жолу жол эрежесин бузганы көрсөтүлгөн.
Бул маалымат соцтармактын колдонуучулары тарабынан талкууга алынган.
Ал арада мэрия бардык айып пулдар төлөнгөнүн билдирди. Tolom.kg порталындагы жаңы маалыматка караганда, кызматтык автоунаага салынган айып пул табылган жок.

