Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) азырынча президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз менен кайрылган жарандар боло элек. Бул тууралуу БШК 28-сентябрда билдирди.
2027-жылдын 27-январына бекитилген өлкөнүн президентин шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жараяны 25-сентябрда башталган.
Шайлоо мыйзамдары боюнча президенттикке талапкерден арыздарды алуу шайлоого 75 күн калганда — 13-ноябрда токтойт.

