Жоюлуп кеткен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын башчысы болгон Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого талапкер болуу ниети бар экенин айтты. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.
Ал билдирүүсүндө бардык талапкерлерди калыс күрөшүүгө чакырып, шайлоонун ачык өтөрүнө үмүт кыларын белгиледи.
БШКнын маалыматы боюнча, азырынча президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз менен кайрылган жарандар боло элек. Шайлоо 27-январда өтөт, ага талапкер көрсөтүү жараяны 25-сентябрда башталган.

