Кыргызстанда системалуу куугунтуктоо үчүн өзүнчө жоопкерчилик киргизүү сунушталууда. Эгер аракетте кылмыштын белгилери жок болсо, буллинг үчүн 5,5 миң сом, ал эми интернет, соцтармактар же мессенджерлер аркылуу кибербуллинг үчүн 7,5 миң сом айып салуу каралууда.
Эгер куугунтук жабырлануучунун укуктарына олуттуу зыян келтирсе, 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул же түзөтүү жумуштары сунушталууда. Балага карата, топ менен, интернет аркылуу же жеке маалыматтарды таратуу менен жасалган травля үчүн 200 миң сомго чейин айып же үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Ден соолукка оор же анча оор эмес зыян келтирилсе, жаза үч жылдан жети жылга чейин болушу мүмкүн.

