Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын аймактык башкармалыгынын токойчу жана Кыргыз мергенчилер жана балыкчылар коомунун өкүлдөрү Кочкор районунда жүргүзүлгөн рейд учурунда мыйзамсыз атылган жапайы кайберендин тарпын табышты.
Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жаныбардын тарпы Кочкор районунун Каракол жайлоосундагы Дүңгүрөмө тилкесинде жайгашкан убактылуу турак вагондун жанынан табылган.
«Текшерүү учурунда убактылуу вагондун ээси, Кочкор районунун Н.Б. аттуу тургуну жапайы тоо текенин улагын мыйзамсыз уулаганын моюнга алды», — деп айтылат маалыматта.
Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, тоо текесин мыйзамсыз уулагандыгы үчүн 300 миң сомго чейин айып пул каралган.
Кармалган жаныбардын тарпты жана жарандын мергенчилик куралы Райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, учурда тиешелүү тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

