Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарынын алтыны үчүн күрөшөт


Японияда өтүп жаткан XX Азия оюндарында кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча мелдештин финалына чыкты.

Балбан 60 кг салмакта күч сынашууда. Жарым финалда кыргызстандык балбан Ирактан келген атаандашын 40 секундда 10:0 эсебинде жеңип, мөөнөтүнөн мурда финалга жолдомо алды.

Эми Шаршенбеков Азия оюндарынын алтын медалы үчүн күрөшөт.