Пакистан Ооганстанга авиа сокку уруп, Кабулда 9 адам каза болду


Пакистан Кунар жана Гильменд провинцияларына түнкүсүн авиа сокку урду. Ооганстандын бийлиги кеминде тогуз адам, анын ичинде аялдар жана балдар каза болгонун, дагы 11 киши жаракат алганын билдирди. Кабулдун версиясы боюнча, сокку турак үйлөргө тийген.

Пакистан болсо бута катары куралдуу топтор пайдаланган эки база алынганын жана 22 согушкер жок кылынганын айтууда. Исламабад Кабулду Пакистанга кол салган топторду калкалап жатат деп айыптайт, афган тарап бул дооматтарды четке кагууда.