Бишкек шаарында 5-октябрда мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, ошондой эле билим берүү уюмдары аралыктан (онлайн) иштөө форматына которулат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.
Мындай чечим 5-октябрда өтө турган жаңы «Бишкек Арена» стадионунун салтанаттуу ачылышына байланыштуу кабыл алынды. Аталган масштабдуу иш-чарага 65 миңге чейин көрүүчү келиши күтүлүүдө.
Муниципалитеттин маалыматына караганда, бул күнү шаарда транспорттук агым кескин көбөйүп, жолдордо унаа тыгындары жаралышы мүмкүн.
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, Бишкек шаарында жайгашкан мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, министрликтер менен ведомстволордун, бюджеттик уюмдардын жана билим берүү мекемелеринин (мектептер, ЖОЖдор ж.б.) иши онлайн-форматка которулат.
Мэрия бул чаралар шаардагы транспорттук жүктөмдү азайтуу жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында көрүлүп жатканын түшүндүрдү.

