Өлкөдө жыл сайын 2 миң гектардан ашык аянтта токойлорду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт. Бир жылда 1 миллионго жакын көчөт отургузулуп, 3 миң килограммдай токой үрөнү себилет.
Токой өрттөрүнүн алдын алуу үчүн атайын ыкчам топтор түзүлгөн. Илдеттерге жана зыянкечтерге каршы күрөштө экосистеманын табигый тең салмагын сактоо үчүн негизинен биологиялык ыкмалар колдонулат.

