Сатуулардын биринчи күнүнүн аягында Шакиранын концертине билеттерди 22 өлкөдөн келген сатып алуучулар сатып алышкан. Сатуулардын 70 пайызын Кыргызстан, ал эми 30 пайызын башка өлкөлөр түзгөн.
Билеттер сатыкка чыккан алгачкы күнү 13 миң билет сатылды. Сатып алгандардын басымдуу бөлүгү Казакстан, Россия жана Өзбекстандан.
Шакиранын концерти «Бишкек аренада» 18-октябрда өтөт. Президенттин иш башкармалыгы эксклюзивдүү келишимдин алкагында дүйнөлүк жылдыз Борбор Азия боюнча Бишкекке келерин айткан.

